•  ББПБ инструменти класстагы окуу процессин комплекстүү баалоо куралы болуп саналат, ал окуу чөйрөсүн жана сабак учурундагы мугалимдин да, окуучулардын да ишмердүүлүгүн кароонун негизинде курулган.

    Класстагы билим берүү чөйрөсү – бул окутуу жана өнүктүрүү үчүн оптималдуу шарттарды түзүү максатында мугалим жана окуучулар тарабынан түзүлгөн же уюштурулган шарттардын, процесстердин, технологиялардын жыйындысы. Өнүгүп жаткан, шыктандыруучу, ошол эле учурда коопсуз окуу чөйрөсүн түзүүнүн маанилүүлүгү көптөгөн изилдөөлөр тарабынан баса белгиленген.

    Демек, мектептеги билим берүү чөйрөсүнүн эффективдүүлүгүн аныктоо, анын билим берүү процессинин катышуучуларынын ар кандай категорияларына тийгизген таасирин болжолдоо, ушул жана башка маселелер маанилүү изилдөө жана практикалык мааниге ээ болууда.

    ББПБ инструменти изилдөөчүлөр, саясатчылар жана билим берүү практиктери айлана-чөйрөнүн сапаты,  негизги көндүмдөрдү жана компетенцияларды калыптандырууга окуу процессинин багыты, бардык деңгээлдердеги класстык баалоо жөнүндө стандартташтырылган түрдө маалымат чогулта ала турган механизмди камсыз кылат.Мындан тышкары ББПБ инструменти программаларды иштеп чыгуу жана баалоо, ошондой эле мугалимдерди кесиптик даярдоо жана өнүктүрүүдө колдонулат.